Ссылки доступа

Мирзиёев Атамбаевге 14 жыл көрбөгөн агасын табууга жардам берген


Президент Алмазбек Атамбаев СССР тарагандан кийин Өзбекстанга көчүп кеткен  агасын табууга жардам бергени үчүн  өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёевге  ыраазычылык билдирди.

«Менин агам Советтер Союзу урагандан кийин Өзбекстанга көчүп кеткен. Бул жердеги кайсы бир шаарда жөнөкөй мугалим болчу, сиздер билесиздерби, мен аны дээрлик 14 жыл көргөн эмесмин», – деди Атамбаев Самарканддагы жолугушуу учурунда.

«Эсимде, мен токтогон Ташкенттеги мейманканага аны сиз ээрчитип келгенсиз. Маркум агамды эстеген сайын, ошол күндү да эстейм. Агам Өзбекстандын жараны болуп жүргөндө аны карап, ага жардам бергендер да оюма келет. Билесизби, экөөбүз 2007-жылдары премьер-министр болуп турганда, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле чыныгы достук, агалык мамиледе болушу керектигин айткам», –деди Атамбаев.

Эки өлкөнүн алака-катышы ушул жылдын сентябрь айында өзбек президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин, бийлик Шавкат Мирзиёевге тийгенден тарта оңоло баштады. Алгач өзбек тарап эшигин ачып, кол сунуп Кыргызстандан жоон топ адамды Анжиянга чакырды. Андан көп узабай кошуналарды чакырып чоң сый-урмат Ошто көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG