Ссылки доступа

Тажикстан алюминий оксиди чыкчу кенди иштетип баштайт


Тажикстандын Курговад аймагында алюминий оксиди чыга турган кен иштетилип баштайт. Учурда Борбор Азиядагы эң ири алюминий өндүргөн Талко компаниясы чийки затты чет өлкөдөн алып келип жатат.

Талко компаниясынын басма сөз катчысы Игорь Саттаров билдиргендей, кен чыгуучу жер совет мезгилинде эле аныкталган. Бирок аны азыр гана иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ага ылайык, алюминий оксидин кайра иштете турган ишкана курулат.

Анын айтымында, кенди Дарваздан Яванга ташуу негизги көйгөй болууда. Машина менен жеткирүү кымбатка турат, мындан улам пульпаөткөрүүчү менен ташуу боюнча чечим кабыл алынды. Бул үчүн ири инвестиция керек, учурда кытайлык ишкерлер бул долбоорго кызыктар экенин билдиришүүдө.

Курговад кенин иштетүүгө кеңеш доорунда эле кызыгуулар болгон, бирок кенди өлкөнүн индустриалдык борборуна ташуу маселе жараткандыктан токтоп турган.

Курговад кенининин кору 150 миллион тоннаны түзөт. Алюминий чыгаруу боюнча Борбор Азиядагы жалгыз ишкана Тажикстандын Турсунзаде шаарында жайгашкан. Учурунда ал жыл сайын 550 тонна металл чыгарып турган.

XS
SM
MD
LG