Ссылки доступа

АКШ Сирияга зениттик-ракеталык комплекс жөнөтпөйт


Кошмо Штаттар сириялык козголоңчуларга жеңил зениттик-ракеталык комплекстерди берүүнү пландаган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тонер маалымдалды.

Орусия буга чейин АКШны сириялык оппозицияга бир киши көтөрүп жүрө алчу зениттик-ракеталык комплекстерди берүүгө күнөөлөп, курал жихадчылардын колуна өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонгон.

Тонердин айтымында, Орусия АКШны биринчи жолу айыптап жаткан жок. Бирок АКШ сириялык оппозицияга эч кандай зениттик-ракеталык комплекстерди бербегендиги - факт.

"Биз буга чейин деле буга окшогон чечендикти көргөнбүз. Зениттик-ракета ташуучу комплекстер боюнча позициябыз өзгөргөн жок. Эгер бул типтеги курал Сирияга жетсе, катуу бушайман болмокпуз",-деди Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын өкүлү.

Буга чейин Орусия ТИМи Барак Обама кол койгон АКШнын коргонуу бюджети тууралуу мыйзамда көрсөтүлгөндөй, Сириядагы өкмөткө каршы күчтөргө курал-жарак берилсе, абал курчуп, жаңы курмандыктар болорун айткан.

XS
SM
MD
LG