Ссылки доступа

Орусия менен Түркия Сирияда жарашуу тууралуу макулдашуу даярдады


Документ Ирандын катышуусу менен Орусия жана Түркия тарабынан даярдалган. Ага ылайык, өлкө таасир этүү аймактарына бөлүнүп, кийинки президенттик шайлоого чейин Башар Асад мамлекет башчысы кызматында калат. Бул тууралуу Reuters агенттигине бир нече булактан кабарлашкан.

Үч өлкө тарабынан түзүлгөн планды Дамаск, куралдуу оппозиция, АКШ жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен макулдашуу керек болот. Эгер жаңжалдашып жаткан тараптар макулдашууну колдосо, документти талкуулоонун кийинки бөлүгү Казакстан борбору Астанада өтөт. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, сүйлөшүүлөргө АКШ чакырылбайт.

28-декабрда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Анкара менен Москва Сириянын аймагында ок атууну токтотуу планын макулдашканын билдирген. Жарашуу террордук топтордон башка каршылашып жаткан бардык тараптарга тиешелүү болот.

XS
SM
MD
LG