Ссылки доступа

БУУнун башкатчысы реформаларды талкуулоо үчүн Трамп менен жолугушууга даяр


БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен жолугушууну каалай турганын билдирди. Буга чейин республикачылардын лидери Бириккен Уулуттар уюмун олуттуу өзгөрүүлөргө чакырган.

1-январдан тарта кызматына киришкени жаткан Гутерриш “Трамп менен тезирээк конструктивдүү диалог түзүүнү” каалап жатканын айтты. БУУнун Башкы катчысы өз кызыкчылыгы үчүн АКШ президенти менен эрте жолуккусу келет. “Кошмо Штаттар БУУнун башкы донору гана эмес, уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги элементи”,-деди ал.

Трамп 28-декабрда Кошмо Штаттардын каржылык колдоосун инструмент катары колдонуп, анын жардамы менен БУУнун ишмердүүлүгүн олуттуу өзгөртүүгө сүрөй турганын билдирген. Ошол эле маалда ал кандай өзгөрүүлөрдү каалап жатканын айткан эмес.

Трамптын айтмында, Бириккен Улуттар Уюмунун ири потенциалы бар, бирок ал тийиштүү деңгээлде колдонулбай келет. “БУУ маселе чечкенин качан көрдүңөр эле? Алар чечишпейт. Алар көйгөй жаратышат”,-деген Трамп. Ал эгер БУУнун иши реформаланбаса, убакыт менен акча бошко кетерин билдирген.

XS
SM
MD
LG