Ссылки доступа

Өзбекстанда пахта теримге чыгууга мажбурлаган 8 жетекчи жазаланды


Өзбекстанда быйылкы пахта терүү өнөктүгүнүн жыйынтыгында 18ге толо элек балдар менен кызматкерлерин талаага чыгууга мажбурлаган 3 мектептин, 2 кесиптик лицейдин директору жана фермердик чарбанын 2 жетекчиси менен бейтапкананын 1 башкы дарыгери административдик жоопко тартылды.

Жергиликтүү ММКлардын билдиргенине караганда, жалпы айыптын суммасы 4,7 млн сумду түздү. Эмгек министрлигине түшкөн 30 даттануу боюнча иликтөө иштери жүргөн. Алардын 10у боюнча тиешелүү чаралар көрүлсө, 7си боюнча күнөөлүүлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, калган 13 кайрылуудагы фактылар ырасталган эмес.

Андан сырткары министрлик балдар эмгегин пайдалануу жана мажбурлап иштетүү учурларына жол бербөө тууралуу эмгек мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 14 мыйзам бузуу учуру катталган, алардын бешинде эмгек акысы өз убагында төлөнүп берилбесе, тогузунда эмгек шарттары камсыздалган эмес. Ал фактылар боюнча 2 бейтапкананын жетекчиси, кесиптик колледждин 1 директору, фермердик чарбанын 1 жетекчиси, 1 мааленин башчысы жана 1 ишкана директоруна жазуу жүзүндө эскертүү берилген.

Жарандарды өз укуктары тууралуу кабардар кылуу максатында Өзбекстандын бардык шаарлары менен райондорунда пахта терүү иштерине мажбурлоонун мыйзамсыз экендиги жазылган такталар илинген. Өтүп бараткан жылы Эл аралык эмгек уюмунун сунушу менен өлкөдө балдар эмгегинин пайдаланылышына жана мажбурлап иштетүү учурларынын болушуна жол бербөө боюнча улуттук мониторинг көз карандысыз коомдук уюмдар тарабынан жүргүзүлдү.

XS
SM
MD
LG