Ссылки доступа

Керри БУУнун Израиль боюнча резолюциясын кубаттады


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри БУУнун Израиль боюнча резолюциясын кубаттады. Анын ырасташынча, эки мамлекетти түзүү – Палестина менен Израиль ортосундагы тынчтыкка жетишүүнүн маанилүү шарты болчу.

«БУУдагы добуш берүү эки мамлекет түзүү эрежесин сактоого жана келечектеги Израилдин коңшулары менен тынчтыкта жашаган демократиялык жөөт өлкөсү болушуна кепилдикти көздөгөн», — деп билдирди Керри 28-декабрда дипломаттар менен жолугушкан учурда.

Керри мындай билдирүүнү АКШ президенти Барак Обама менен Израиль премьери Бинямин Нетаняхунун пикир келишпестиктери күчөгөн учурда жасады. БУУнун Коопсуздук кеңеши 23-декабрда "Палестина аймагында, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде жөөт кыштактарын курууну тез арада жана толук токтотууну" талап кылган резолюция кабыл алган. Документти кеңешке мүчө 15 мамлекеттин 14ү колдоп, АКШ добуш берүүдөн карманган болчу. Мурда Америка жөөт-палестин чатагына байланышкан резолюцияларга такай вето коюп келген.

Кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президент Барак Обаманын администрациясынын резолюция кабыл алынышына жол бергени Нетаняхунун катуу нааразылыгын жараткан. Ошол эле маалда 2017-жылдын январында кызматка кирише турган АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен анын администрациясы Обаманын аппаратынын чечимин ачык сындап келе жатат.

XS
SM
MD
LG