Ссылки доступа

Ашхабадда тартыш болгон азык-түлүктөр сатыла баштады


Жаңы жылдын алдында Ашхабаддагы ири базарлар менен соода жайларда  азык-түлүктүн көлөмү менен түрү кыйла көбөйдү. Бир айдан бери сатылбай жаткан тооктун эти менен эки жума бою текчелерде жок болгон жумурткалар да сатыла баштады.

Борбордун базарларында уйдун, койдун, ошондой эле балык азыктарынын да бар экени кабарланууда. Анткен менен Ашхабаддын базарлары менен соода борборлорунда чет өлкөдөн алынып келинген кондитер жана сүт азыктары арбын, бирок аларды сатып алган адам аз.

Элдин көбү арзан азыктар сатылган соода жайларында кезекте турушат. Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, суроо-талапка ээ арзан товарлар адатта көчөлөрдө жана көчмө текчелерде сатылат.

Ошол эле маалда соода жайларындагы азык-түлүктүн кымбаттаганы да байкалууда. Учурда Ашхабадда чылым үчүн кезекке тургандар жок, анткени ал мамлекеттик дүкөндөрдө дээрлик жокко эсе. Жергиликтүүлөрдүн билдиргенине караганда, чылым көбүнчө жашыруун сатылып, кезек күткөндөр дүкөндүн арткы бөлүгүндө турушат.

Акыркы кездери түркмөн бийлиги азык-түлүк дүкөндөрүндө кезек күтүп тургандарга көзөмөлдү күчөтүүдө. Андай жерлерде форма кийген полиция кызматкерлеринен сырткары Улуттук коопсуздук кызматтын жөнөкөй кийимчен өкүлдөрү да туруп калышты. Мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин кезек күтүп туруусуна тыюу салынган, эгер аны аткарбаса жумуштан айдалышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG