Жабыр тарткан жүргүнчүлөр “Урал авиалиниялары” каттамы менен Дүйшөмбүгө барышмак. Бирок түнкү саат ондо авиакомпаниянын кызматкерлери каттам кечигип жатканын айтып, андан соң авиабилеттерди кайра кассага өткөрүүнү сурашкан.
Жүргүнчүлөрдүн билдиришинче, бул убакыт аралыгында аларга суусундук жана ысык тамак берилген эмес. Авиакомпаниянын кызматкерлери жагдайды жакшы түшүндүрүшпөй, буга тажик бийлиги күнөөлүү экенин айтышкан.
Тажикстандын Москвадагы элчилиги Санкт-Петербург-Дүйшөнбү каттамынын жокко чыгышы боюнча маалыматка ээ эмес. Тажикстандын Санкт-Петербурдагы ардактуу консулу учурда аэропортко барып, маселенин чоо-жайын териштирүүдө.
Москва менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы жаңжал Тажикстан орусиялык “Ямал” авиакомпаниясына кыш маалында “Жуковский” аэропортунан өлкө шаарларына каттоого тыюу салган соң тутанган. Буга жооп иретинде Орусия тажикстандык “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын каттамдарын токтоткон.