Ссылки доступа

Алишер Усманов Өзбекстанда кайрымдуулук фондун ачууга ниеттенүүдө


Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда кайрымдуулук фонд түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ал “Россия 24” телеканалына берген маегинде билдирди.

Буга чейин эле бизнесмен Өзбекстанда илим, исскусство жана спорт менен байланыштуу, илимий изилдөөлөргө дем бере турган фонд ачууну каалай турганын айтып келген. Кайрымдуулуктан тышкары ал эгер ынанымдуу сунуштар түшсө, экономикалык долбоорлорго дагы инвестицияга жумшоого даяр экенин билдирди.

«Сени кай жакка чакырышса, ошол жак жакшы. Башка инвесторлордон айырмаланып мен дайыма мени чакырган жерлерге барам. Ага чейин мен жардам сурагандарга гана көмөк көрсөтө алам. Жок дегенде ал жакта Москвада жасагандай эле долбоорлорду ишке ашыра турган кайрымдуулук фонд ачууну каалайм. Бул үчүн уруксат сурайм», – деди Усманов.

Бизнесмен Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдында Өзбекстандын өнүгүү келечегине дурус баа берди. Анын айтымында, президенттин башкаруу боюнча мол тажрыйбасы бар. Усманов жаңы жетекчи бардык ишти аткарууга кудуреттүү деп эсептейт. “Мен дайыма өзбек экениме сыймыктанам деп айтып келем. Өзбекстан жана анын жетекчилиги үчүн пайдам болсо, дайыма жана бардык учурда жардам берүүгө даярмын”», – деп белгиледи ал.

Алишер Усманов Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин кудасы. Мирзиёевдин жээни Диёра 2009-жылы Алишер Усмановдун жалгыз инисинин уулу Бабурга турмушка чыккан. Жубайлардын кызы бар. Бирок 2013-жылы Бабур Усманов автокырсыктан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG