Ссылки доступа

Тажикстанда ИМ тобуна байланышы бар делген сегиз жаран бошотулду


Тажикстан Башкы прокуратурасы жана ИИМи Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга шектелген Дусти районунун 8 жашоочусун камактан бошотуу чечимин кабыл алды. Боштондук алган жарандар жалган жалаанын айынан тогуз ай абакта отурушканын айтышууда.

Быйыл мартта Тажикстан ИИМи 32 кишини Сириядагы согуштук аракеттерге тиешеси бар деп камаган. Кийинчерээк алардын ичинен 24ү бошотулган.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, Дусти районунун 8 жашоочусу Орусияда эмгектенип жүрүшкөн. Ошол маалда аларды “Ислам мамлекети” тобунун эмиссары алдамчылык жол менен Сирияга жөнөтүп жиберген. Мигранттарга Сирияда жумуш сунушталган, бирок алар аталган өлкөгө барганда согуш талаасына туш болушкан. Кармалгандар күнөөлөрүн мойнуна алышкан соң, аларды бошотуу чечими кабыл алынган.

Бирок боштондукка чыккан Шамсиддин Фатхиддинов аларга жалган жалаа жабылганын айтууда. «Сурак учурунда кандайча Сирияга барып калганымды сурашты. Мен эч качан ал жакка барбаганымды, андай өлкө бар экенин билбей турганымды айттым. Тергөөчүлөргө менин Сириядагы сапарым туурасында курдаштарым айткан имиш. Менимче, кимдир бирөө бизге жалаа жапты. Ошондуктан дээрлик бир жылга жакын абакта камалдык», –деди Шамсиддин.

Быйыл жайында кармалган жарандардын ата-энелери мамлекет башчы Эмомали Рахмондон бул ишке кийлигишүүсүн суранышкан. Алар уулдары ак жеринен айыпталып жатканын билдиршкен. Бирок Тажикстандын Башкы прокуратурасы жаш жигиттердин Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандыгы боюнча жетиштүү далил бар экенин айткан.

XS
SM
MD
LG