Ссылки доступа

Армения 2017-жылы апрелде парламенттик башкаруу формасына өтөт


Армения президенти Серж Саргсян 2017-жылы кезектеги парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча жарлык чыгарды. Муну менен өлкө бир жылдан кийин жарым президенттик башкаруу формасынан парламенттик башкарууга өтөт деп кабарлайт Reuters.

Армения жашоочулары 2015-жылы декабрда өткөн референдумда президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, өкмөттүн ролун күчтөндүрө турган өзгөрүү боюнча добуш беришкен. Президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга көбөйтүлгөн, бирок ыйгарым укуктары негизинен салтанаттуу мүнөзгө ээ.

Оппозиция негизги мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен Саргсян бийликти сактап калууга аракет жасап, премьер-министрдин креслосуна отурууга ниеттенүүдө деп айыпташкан.

Саргсяндын президенттик мөөнөтү 2018-жылы аяктайт. Ага чейин ал ыйгарым укуктарын толук сактап калат. Андан кийин жаңы өзгөртүлгөн Конституцияга жараша өлкө парламенттик башкарууга өтөт жана президентти мурдагыдай эл түз шайлабай, парламент тандап калат.

XS
SM
MD
LG