Ссылки доступа

Казакстанда үй-бүлөлүк кризистик борбор ачылды


Актөбө шаарында жаңы кризистик борбордун ачылгандыгы тууралуу жергиликтүү бийлик бейшембиде билдирди. 200 орундуу борбор үй-бүлөдө зомбулукка кабылган аялдар менен балдарды кабыл алат. Анда алар алты айга чейин тура алышат.

Долбоор мамлекеттин колдоосу менен жергиликтүү «Ак-Руно» компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылды. Жергиликтүү меценат Аскарбек Мамырбаевдин айтымында, долбоордун алкагында жабырлануучуларга психологдор, социологдор жана юристтер консультативдик жардамдарды беришет. «Максаты — аялдардын психикалык-эмоционалдык абалын жакшыртуу, алардын өзүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу», — дейт ал.

Расмий маалыматтарга ылайык, Актөбөдө жыл сайын төрт миңге жакын аял күйөөсүнүн зомбулугуна кабылат.

Актөбө облустук Ички иштер департаментинин маалыматына караганда, орточо эсеп менен мекемеге суткасына 4-5 аял ар түрдүү зомбулук боюнча кайрылып турат.

XS
SM
MD
LG