Ссылки доступа

Былтыр Орусияга көчүп барууга уруксат алган тажикстандыктардын саны рекорд койду


Чет өлкөдө жүргөн мекендештерге жардам берүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында 2016-жылы рекорддук сандагы Тажикстан жарандары Орусияга көчүп кетүүнү шарттаган күбөлүк алышты. Бул тууралуу Орусия ТИМинин Тажикстандагы миграция маселелери боюнча башчысы Владислав Маркевич билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү тиешелүү документтерин бүтүргөн тажикстандык 1850 үй-бүлө Орусияга көчүп кете алат. 2015-жылы ушул программанын алкагында жер которгондордун саны – 1200 болгон.

Маркевичтин билдиришинче, башка КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу Орусияда жашап, иштөөнү каалаган тажик жарандары көп. 2016-жылы бул өлкөдөн 14 миң жаран арыз тапшырган. Ар бир аймакка бөлүнгөн квотага жараша 1850 үй-бүлө тандалып алынган.

Программага катышуу үчүн арыз бергендердин дээрлик бардыгы – жогорку же кесиптик билимге ээ адамдар. Алардын арасында дарыгерлер, мугалимдер, эсепчилер, ишкерлер бар.

Ар кыл статистикалык маалыматтарга караганда, акыркы жыйырма жыл аралыгында 300 миңден 500 миңге чейинки тажикстандык Орусия жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG