Ссылки доступа

Ферганада зоопарк ачылды


Фергана шаарында Ташкент зоопаркынын филиалы иштеп баштады.

Беш гектардай жерде ача туяктуулар, жырткыч сүт эмүүчүлөр, сууда сүзүүчүлөр жана канаттуулар үчүн ачык асман алдында капастар орнотулган. Маймылдар, жылаандар кескелдириктер жана декоративдик канаттуулар өзүнчө имаратта орун алышты. Борбордук зоопарк Ферганадагы филиалына жаныбарлардын 29 түрүн берди.

Зоопаркка келгендер үчүн тамактануучу жай жана балдар аттракциону иштейт. Өзбекстан өкмөтү мындан тышкары Ташкент зоопаркынын филиалын Самаркандда ачууну жана Термездеги зоопаркты жаңылоону пландоодо.

XS
SM
MD
LG