Ссылки доступа

ЕАЭБ өлкөлөрүндө унааларды «коркунуч тууралуу кабарлоо баскычы» менен жабдуу талабы күчүнө кирди


2017-жылдын 1-январынан тарта Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө транспорт каражаттарын милдеттүү түрдө «коркунуч тууралуу кабарлоо баскычы» менен жабдуу жөнүндөгү талап күчүнө кирди.

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалыматына караганда, мындай талап жаңы нормалар күчүнө киргенге чейин пайдаланылып жүргөн автоунааларга тиешелүү болбойт.

Унаага орнотулган «коркунуч тууралуу кабарлоо баскычы» кырсык болгон маалда автоматтык түрдө же аны баскан учурда тиешелүү кызматтарга кабар берип турат.

ЕЭКтин маалыматы боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринде өндүрүлгөн транспорт каражаттарынын көпчүлүк түрү жаңы талаптар боюнча ырастама документтерге ээ болушкан. Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын 20-декабрына карата Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагына унааларын саткан негизги маркалар (LADA, Hyundai, KIA, Renault, Volkswagen, BMW, Mercedes, Porsche, Bentley, Rolls Royce ж.б.) транспорт каражаттарын «коркунуч тууралуу кабарлоо» системасы менен жабдуу иштерин аяктап калган.

Жеке жактар тарабынан башка өлкөлөрдөн алынып келинген унаалар үчүн да ушундай эле талаптар бар. Андыктан жарандар 2017-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБ аймагына унаа алып келүүдө жеңил унааларда тиешелүү системанын болушуна көңүл буруусу керек.

XS
SM
MD
LG