Ссылки доступа

Москвада кыргызстандыктар мигранттардын көйгөйлөрүн талкуулашат


Бүгүн кыргызстандыктар Москвада мигранттардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулашат. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жолугушуунун уюштуруучуларынын бири Надыр Мурас жазды.

Анын айтымында, Москвадагы кыргызстандыктар ар кыл тармакта ийгиликтерди жаратууда, бирок айрым маселелерди биргеликте чечүү зарылдыгы бар.

Надыр Мурас Орусия миграция тармагын жөнгө салуучу мыйзам кабыл алып жатканын, ал туурасында көптөр билбестигин маалымдады. Чогулушта мекендештерге жаңы тартиптерди түшүндүрүп беришет.

Уюштуруучулар мындан тышкары үч айда бир жолу чогулуш өткөрүп, мигранттарга каржы сабаттуулугу жана жүрүм-турум маданияты жөнүндө айтып беришет.

Жыйын туурасында Кыргызстандын элчилигинин жана ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кабары бар.

XS
SM
MD
LG