Ссылки доступа

Умар Сафи: Орустар "Талибан" кыймылынын Тажикстандагы танктарын ремонттошот


Тажикстан аймагында танктар жана оор согуштук куралдар  орус адистери тарабынан оңдолуп жатат. Бул туурасында Кундуз провинциясынын мурдагы башчысы  Умар Сафи билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки жылдан бери “Талибан” кыймылы ооган коопсуздук күчтөрү менен кармаштан кийин тартып алган танктарды жана оор техникаларды Тажикстанга жөнөтүп турат. Ал жакта аларды орусиялык адистер оңдошот. Калыбына келтирилген согуштук техникалар Пяндж аркылуу Ооганстанга жеткирилип, аларды “Талибан” кыймылы колдонот.

Кундуздун мурдагы башчысы дал ушул тыштан алган жардамдын негизинде былтыр талиптер эки сапар Тажикстан менен чектешкен эки провинцияны басып алган деп эсептейт. Тажикстандын чек ара кызматы бул маалыматты четке какты, бирок бийлик маселени иликтеп жатканын кошумчалады.

Өткөн жылдын соңунда Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү ооган-тажик чек арасында талиптер менен кармашуу учурунда жоочулар Орусия өндүрүшүнөн чыккан ири өлчөмдөгү куралдарды алып кетишкенин билдиришкен.

Былтыр ноябрда Орусия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов “Анадолу” агенттигине Москванын “Талибан” кыймылы менен байланышы бар экенин тастыктаган. Ал Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана жарандарынын коопсуздугун камсыздоо маселелери жана согушту токтотуу боюнча сүйлөшүп турушарын айткан.

XS
SM
MD
LG