Ссылки доступа

Стамбулдагы терактка шектелип 8 киши кармалды


Түрк полициясы терактка шектүү катары сегиз киши кармалганын билдирди. Стамбулдагы түнкү клубга кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды.

Стамбулдагы популярдуу Reina түнкү клубуна кол салуу 1-январга караган түнү болгон. Анда белгисиз адам ичинде жүздөгөн кишилер бар клубга кирип барып, автоматтан ок чыгарган. Жыйынтыгында 39 киши набыт болуп, жетимишке жакыны жаракат алган.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу кол салуудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Бул маалыматты консулдук Түркиянын тиешелүү органдары менен биргеликте тактаган.

XS
SM
MD
LG