Ссылки доступа

Дональд Трамп Түндүк Кореяга киргизилген санкциялардан баш тартпайт


АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу бул өлкөгө каршы киргизилген каржы санкцияларынан баш тартпай турганын билдирди.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 1-январда өлкө континент аралык баллистикалык ракеталарды даярдоо алдында турганын жана жакында аны сыноодон өткөрөрүн маалымдаган. Трамп Твиттердеги баракчасында буга жол берилбей турганын жазган.

Түштүк Кореянын ТИМи Трамп АКШ президенттигине шайлагандан бери алгач ирет Түндүк Кореядагы өзөктүк программа туурасында сөз козгогонун белгиледи.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 2016-жылы ноябрда кезектеги ядролук сыноолоруна байланыштуу Түндүк Кореяга каршы санкцияларды киргизген.

Түндүк Кореяга каршы санкциялар 2006-жылдан бери 5 жолу киргизилген. Өлкө өзөктүк программасынан баш тартса, азык-түлүк жана энергетикалык жактан гуманитардык жардам берилери сунушталган. Бирок Түндүк Корея буга макул болгон эмес.

XS
SM
MD
LG