Ссылки доступа

Ирандык активист жубайы камактан чыккандан кийин ачкачылыгын токтотту


Иранда абакта жаткан активист Араш Садеги бийлик жубайын камактан чыгарган соң ачкачылыгын токтотту. Ал жубайы, жазуучу жана укук коргоочу Голрох Эбрахиминин камакка алынышына каршылыгын билдирип, 24-октябрда тамак-аштан баш тарткан.

Эбрахими абактан убактылуу күрөө менен бошотулганын 3-январда билдирди. Ал күйөөсүнө жолукканын, Араштын абалы эки айлык ачкачылык кармоодон соң начарлап кеткенин билдирди. Эбрахими октябрь айында Иранда ташбараңга алуу жөрөлгөсү тууралуу жазылган, бирок эч жерде жарыяланбаган макаласы үчүн камакка алынган.

Кийинчерээк сотто ага “Исламга шек келтирди” деген кошумча айып коюлган. Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Эбрахиминин камакка алынышын кескин сынга алган.

2-январда ондогон ирандыктар Тегерандагы Эвин түрмөсүнүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүп, түгөйлөрдүн бошотулушун талап кылышкан.

Ошондой эле социалдык түйүндөрдө да Араштын тарапкерлери он-лайн акцияларды өткөрүштү. Өткөн жума күнү Твиттерде #SaveArash же болбосо “Арашты куткаргыла” хештегин жарым миллиондой адам колдонуп өз билдирүүлөрүн жазышты.

Араш Садеги учурда Эвин түрмөсүндө 15 жылдык жазасын өтөп жатат. Ал “мамлекеттик түзүмгө каршы пропаганда жүргүзгөн”, “улуттук коопсуздукка кедергисин тийгизе турган жыйналыштарды өткөрүп келген” жана "Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Али Хаменеинин беделине шек келтирген" деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG