Ссылки доступа

Өзбек өкмөтү "Камчик" ашуусу аркылуу жүк ташуу тартиптерин жеңилдетет


Өзбекстан өкмөтү “Камчик” ашуусу аркылуу автотранспорт менен жүк ташууну жөнгө салуу боюнча токтом долбоорун иштеп чыкты.

Былтыр жайында 15 же андан көп жыл колдонулган автоунаалар менен “Камчик” ашуусу аркылуу жүк ташууга тыюу салынган. Натыйжада шаар арасында жүк ташуу менен алектенген 10,5 миң унаа жана эл аралык жүк ташууларды аткарган 1,3 миң унаа өз ишин токтоткон. Мындай чечимдин аркасында автомобиль кызмат акысы 20% жогорулаган жана Фергана өрөөнүнөн ташылып келинген азык-түлүк товарлары кымбаттаган.

Республикадагы оор жүк ташуучу унаалардын паркы жаңыланбагандыктан, чарба субъектилери каржылык жактан кыйын кырдаалга кептелишкен.

Ошол эле маалда “Камчик” ашуусу аркылуу жүк ташууларга анализ жүргүзүлүп, жол кыймылынын коопсуздугу автоунаалардын жашынан эмес, алар ташыган жүктүн салмагынан көбүрөөк көз каранды экендиги аныкталган.

Учурда ишкерликти өнүктүрүү максатында 2017-жылдан тарта “Камчик” ашуусу аркылуу 25 жылга чейин колдонулган автонуаалар менен жүк ташууга уруксат берүү сунушталууда.

XS
SM
MD
LG