Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө бычакташуудан эки өспүрүм каза болду


Дүйшөмбүдөгү үч мектептин окуучуларынын ортосундагы мушташтан эки өспүрүм каза болду.

Мугалимдердин маалыматына караганда, окуучулар ортосундагы бычакташуу 3-январга оогон түнү, борбордогу интернет-клубдардын биринде болгон.

Азырынча мушташтын чыгуу себептери белгисиз, бирок анын жыйынтыгында борбордогу эки мектептин эки окуучусу бычак жеп каза болгон. 3-январда алардын бири, 11-класстын окуучусу Сомон Шарипов жерге берилди.

Мугалимдердин биринин билдиргенине караганда, бычакташууну мектепти былтыр бүтүп кеткен балдар баштаган. Анын айтымында, учурда укук коргоо органдары аталган факты боюнча тергөө иштерин баштады. Мушташтын катышуучулары кармалып, сурак берип жатышат.

XS
SM
MD
LG