Ссылки доступа

Казакстандын айрым облустарында жолдор жабылды


Аба ырайына байланыштуу шейшембинин кечинен баштап Астана менен Кокшетау шаарын бириктирген унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети билдирди.

Комитеттин маалыматына караганда, бороонго жана туманга байланыштуу Жезказган — Петропавловск унаа жолунда дагы транспорттун бардык түрү үчүн чектөө киргизилди. Андан сырткары Костанай облусундагы Аулиекөл жана Жолдама айылдарын бириктирген жол да жабылды.

Ошондой эле бороонго жана туманга байланыштуу Павлодар облусунда облустук маанидеги Павловка — Галицкой, Шакат — Восточный — Шалдай унаа жолдору, Алматы облусунда Талдыкоргон шаарын Капал калктуу конушу менен бириктирген жол жана Сарыөзөк жана Когалы айылдарынын ортосундагы жол жабылды.

Шейшембинин кечинен бери Чыгыш-Казакстан облусунда Семей — Кайнар унаа жолунун бир бөлүгүндө чектөө киргизилген.

XS
SM
MD
LG