Ссылки доступа

Түркияда өзгөчө кырдаал режими дагы үч айга узартылды


Түркия парламенти 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөчө кырдаал режимин дагы үч айга узартты. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.

Өзгөчө абал 20-апрелге чейин күчүндө калат.

Декабрдын соңунда Түркияда төңкөрүш аракетине байланыштуу алгачкы сот жараяны башталган. Ал иш боюнча козголоң болгон түнү Түркия президенти Реджеп Эрдогандын резиденциясын коргоодон баш тарткан деп 29 полициячы айыпталууда.

Жалпысынан төңкөрүш жасоо аракетине тиешеси бар делинип 40 миңден ашык киши кармалып, он миңдеген мамлекеттик кызматкер жумуштан алынган. Андан сырткары ондогон ММКлар жабылган.

Түркияда куралдуу төңкөрүш жасоо аракети 16-июлга караган түнү болгон. Өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилип, адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын аракеттери токтотулган.

XS
SM
MD
LG