Ссылки доступа

Түркмөнстанда студент кыздарга учак менен гана саякат жасоого уруксат берилди


Түркмөнстандын окуу жайлары студенттеринен, айрыкча кыздардан өлкө ичинде учак менен жүрүүнү талап кылууда. Түркмөн бийлиги жаңы тартип тууралуу кышкы каникулга бир ай калганда маалымдады.

“Декан жыйналыш өткөрүп, каникул учурунда ата-энебиздикине же туугандарыбыздыкына барарда бир гана учак колдонууну эскертти. Өзгөчө бул кыздарга тиешелүү. Аларга такси же башка транспорт менен жүрүүгө болбойт. Эс алуу бүткөндөн кийин башка аймактарга учак менен барганыбызды тастыктаган авиабилеттерди көрсөтүшүбүз керек”,-деди Түркмөнстандагы студент кыздарды бири.

Аткаминерлер мындай кадамдардын студент кыздарды адепсиз жүрүм-турумдан сактап калуу зарылдыгы менен түшүндүрүштү.

Студенттер жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин талаптары катаал экенин билдиришүүдө. Себеби авиакаттамдардын саны чектелүү. Өлкөнүн көпчүлүк райондоруна учактар аптасына бир гана сапар каттайт. Билетти болсо 15 күн эрте сатып алуу керек.

Түркмөнстанда студент кыздарга мурда мындан башка дагы чектөөлөр киргизилген. Аларга автоунаа айдоого, дем алыш күндөрү уруксатсыз жатакананы таштап кетүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG