Ссылки доступа

Казакстан New York Times гезитинин туристтик тизмесине киргизилди


Америкалык New York Times (NYT) гезити Казакстанды туристтик көз караш менен алганда кызыктуу жайлардын тизмесине кошту. 2017-жылы тизмеде бардыгы болуп 52 орун бар.

Казакстан мунай өндүрүүчү өлкө катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле быйыл Астанада эл аралык EXPO-2017 көргөзмөсү өтөрү белгиленген. Макалада Казакстан аймагы аркылуу өткөн био ар түрдүүлүккө бай Батыш Тянь-Шань тоо кыркасы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар объектилеринин тизмесинде экени эске салынат.

Гезит “Борат” фильминде ойногон Саша Барон Коэндин ойдон жаралган каарманы – Борат Сагдиевдин аркасы менен Казакстан туристтик маршурттардын катарына киргенин жазган. Бул тасма казак бийлигинин терс реакциясын жараткан болчу.

Ошол эле маалда Астанада мейманканалар кымбат экендиги айтылат.

Тизмеде биринчи орунда Канада жайгашкан. Алгачкы бештикте Чилидеги Атакама чөлү, Индиядагы Агра шаары, Швейцариядагы Церматт курорту жана Ботсвана бар.

XS
SM
MD
LG