Ссылки доступа

Обама башкы командачы катары өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен коштошту


АКШ президенти Барак Обама Виржиния штатынын Форт-Майер базасында башкы командачы катары өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен коштошту. Обаманын урматына ардактуу кароол тизилген.

Улуттук гимн аткарылган соң кетип жаткан президентке аскер курулушундагы эбегейсиз эмгеги үчүн медаль ыйгарылды. Акүйдүн сайтында Барак Обаманын АКШ президенти кызматындагы терроризмге каршы күрөшүү, Усама Бен Ладенди жок кылуу, ошондой эле Орусиянын агрессивдүү умтулуусун ооздуктоо жана ракеталарга каршы коргонуу системасын түзүү өңдүү жетишкендиктери көрсөтүлгөн.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер Обаманын тушундагы акыркы сегиз жыл аралыгындагы аскердик жетишкендиктерди белгилеп, алар өлкө баалуулуктарына дал келгенин айтты. Ошондой эле ал куралдуу күчтөрдү билгичтик менен башкаргандыгы жана кабыл алган чечимдери үчүн Обаманы мактады.

Өз сөзүндө Обама ал үчүн АКШныкындай эң кубаттуу куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы катары кызмат кылуу чоң артыкчылык болгонун айтты.

Барак Обама АКШ президенти кызматынан 2017-жылдын 20-январында кетип, анын ордуна Дональд Трамп келет.

XS
SM
MD
LG