Ссылки доступа

Тажикстанда электр энергиясына болгон күндүзгү чектөө алынды


5-январдан тарта Тажикстандын бардык аймагында электр энергиясын колдонуу үчүн киргизилген чектөө алынды. Эми өлкөнүн бардык жашоочуларына суткасына 17 сааттан жарык берилип турат.

«Барки точик» энергохолдингинин маалыматына караганда, 5-январдан тарта өлкөнүн жашоочулары электр энергиясы менен 5:00дөн 22:00гө чейин камсыз болуп турушат. Буга чейин тажикстандыктар электр жарыгын күнүнө 12 гана саат гана алып келишкен. Ал ортодо айрым ММКлар 15-январдан тарта өлкө боюнча чектөөлөр толугу менен жоюла тургандыгын кабарлашууда.

«Дүйшөмбү-2» жылуулук электр борборун пайдаланууга берүү менен кырдаал жөнгө салынууда. Анын жалпы кубаттуулугу 400 МВт түзүп, борбордогу үйлөрдүн 60% электр энергиясы жана шаардагы 500 мекеме-ишкананы жылуулук менен камсыз кылат.

«Дүйшөмбү-2» жылуулук электр борбору Кытайдын «ТВЕА» компаниясы тарабынан курулган. Объектинин жалпы баасы 349 млн АКШ долларын түздү, анын 17,4 млн доллары тажик өкмөтүнө таандык. «Дүйшөмбү-1» жылуулук электр борборунун курулушу 2012-жылы башталып, 2 жылдан соң бүткөрүлгөн. Экинчисин куруу иштери 2015-жылы башталган. Тажик бийлиги «Дүйшөмбү-2» борборун пайдаланууга берүү менен борборду, анын айланасындагы райондорду жана өнөр-жай ишканаларын жылуулук менен камсыздоо мүмкүн болот деп ишендирип келген.

XS
SM
MD
LG