Ссылки доступа

Кыргыз жараны Тажикстанда кыйноого кабылды


Кыргызстандын жараны Акжол Калбаев Тажикстанда кыйноого кабылды. Бул маалыматты Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги ырастады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны Калбаевди мурдагы ишкердик боюнча өнөктөшү, “Таджирон” деген компаниянын ээси Набижон Набиев алдоо жолу менен Кожент шаарына чакырган. Эч нерседен кабары жок Калбаев Кожентке барган учурда аны катуу токмоктошуп, кыйнап, жакындарынан 23 миң доллар талап кылышкан.

Акжол Калбаевдин туугандары Кыргызстандын Дүйшөмбүдөгү элчилигине кайрылып, тажик коопсуздук органдарынын көмөгү менен кыйноодогу кыргыз жараны 30-декабрда бошотулган. Азыр Калбаев Ошто ооруканада дарыланууда.

Ал эми Калбаевди сабап, ага кыйноо көрсөткөн ата-бала Набиевдер камакка алынды. Кылмыш иш боюнча териштирүү жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG