Ссылки доступа

Казакстанда мунай ишканасынын жумушчулары ачкачылык жарыялашты


Казакстандын  Мангыстоо облусунда  Techno Trading LTD мунай ишканасынын жумушчулары эмгек шарттарды жакшыртууну талап кылып мөөнөтсүз акцияга чыгышты.

Акциянын катышуучулары ден соолукка келтирилген зыян үчүн кошумча төлөмдөрдү берүү сыяктуу кошумча келишим түзүүнү сурашууда. Ошондой эле ишканадан куулгандарды кайра жумушка алууну жана жамааттагы куугунтуктоолорду токтотууну, жумушчуларга тиешелүү бардык чечимдерди профсоюздун катышуусу менен кабыл алууну талап кылышууда.

Жумушчулар ачкачылыкты ишкананын кеңсеси жайгашкан Бирлик шаарчасында өткөрүү үчүн чогулушкан. Бирок имарат полиция тарабынан курчалгандыктан, кесиптик кошуун орун алган жайга барышты. Ачкачылык акциясы тууралуу 23-декабрда эле эскертилген. Бардыгы болуп ага ишкананын 133 жумушчусу катышууда.

Эмгек шартын жакшыртуу, маянаны көтөрүү, сый акыларды калыбына келтирүү, жамааттагы куугунтуктоону токтотуу талаптарын жумушчулар былтыр дагы айтышкан.

Кесиптик кошуун жөнүндө 2014-жылы кабыл алынган мыйзам жумушчулардын эркин түрдө чогулуу жана биригүү укуктарын чектейт. Былтыр ноябрда Human Rights Watch уюму Казакстандагы жумушчулардын укуктары бузулуп жатканын сындаган.

XS
SM
MD
LG