"Менин жашоомдогу негизги артыкчылык сиздер үчүн президент катары кызмат кылуу болду. Мен эстафетаны өткөрүп берүүгө жана жөнөкөй жаран болууга даярмын. Америка үчүн жаңы пайдубал тургуза алдык деп сыймыктануу менен айта алам. Биз келечегибизди өзүбүз жаза алабыз”,-деди Обама.
Кайрылуусунда ал экономикалык абалдын жакшыруусуна, жумуш орундарынын көбөйүүсүнө салым кошкон өз командасынын ийгиликтерин атап өттү.
АКШ президенти “Аль-Каида” террордук уюмунун башчысы Усама бен Ладендин тындым кылынышын, Ирактан аскердердин чыгарылуусун, Ооганстандагы куралдуу күчтөрдүн санынын азайышын эске салды.
Тышкы саясат жөнүндө кеп кылып жатып Обама Куба менен болгон мамиленин жакшырышын белгиледи.