Ссылки доступа

Керри: АКШ Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөрдү «кубаттайт»


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кошмо Штаттар ушул айда Астанада өткөнү жаткан Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдү колдой турганын билдирди. Ал сүйлөшүүлөр алты жылдан бери уланып келаткан Сириядагы согушту токтотууга түрткү болот деген үмүттө.

«Биз Астанадагы сүйлөшүүлөрдү колдойбуз. Ал алдыга кадам жасоого мүмкүндүк берет деген үмүттөбүз», — деп билдирди Керри Вашингтондогу маалымат жыйынында.

Сириянын өкмөтү менен куралдуу оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр Орусия менен Түркиянын демилгеси менен өтөт. Мында Вашингтондун ролу экинчи планга жылдырылган.

Жолугушуу БУУнун камкордугу алдындагы тынчтык сүйлөшүүлөргө чейин өтүп калышы мүмкүн. БУУнун атайын өкүлү Стеффан де Мистура сүйлөшүүлөрдү кийинки айда Женевада өткөрүүгө үмүттөнүүдө.

Москва менен Анкаранын ортомчулугу алдында келишилген эки тараптын ортосундагы жарашуу режими өткөн жумада күчүнө кирген.

XS
SM
MD
LG