Ссылки доступа

Авиакырсыкка кабылган "Боингдеги" жүк боюнча депутаттык комиссия түзүлдү


Бишкектин четинде кулаган “Боинг 747-400” учагындагы жүктүн чоо-жайын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Депутаттык комиссия түзүүнү үч фракция демилгеледи. Авиакырсыктын себептерин иликтеп, "кара кутуну" чечмелөө иштерин Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин адистери жүргүзөт. Депутаттык комиссия учактагы жүктүн кимге таандык болгонун иликтейт.

Кулаган учактын бортунда 85 тоннадан ашуун жүк бар болгону, Гонконгдон Стамбулга баратканы кабарланган. Бирок ACT Airlines компаниясы Бишкектин четинде кулаган учак күйүүчү май куюу үчүн эмес, Кыргызстанга жүк жеткирүү максатында конуп жатып кыйраганын кабарлаган. Учак Түркиядагы аталган компанияга таандык.

Бирок “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөп, учак май куюуну жана экипажды алмаштырууну көздөгөнүн, борттогу жүктү Гонконгдон Стамбулга алып баратканын билдирген.

Маалыматтарга караганда, буга чейин аталган компаниянын учактары Бишкекке 52 ирет жүк ташыган.

XS
SM
MD
LG