Ссылки доступа

Трамп ант берүү аземине катышуу үчүн Вашингтонго барды


АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп бүгүн өтө турган ант берүү аземине катышуу үчүн Вашингтонго барды. Анын учагы АКШнын борборуна жакын жайгашкан Эндюс авиабазасына конду.

Жума күнү Вашингтондо АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен вице-президенти Майк Пенстин расмий ант берүү аземи өтөт. Ага президенттик кызматтан кетип жаткан Барак Обама менен вице-президенттикти өткөрүп жаткан Жозеф Байден, андан сырткары Трамптын үй-бүлө мүчөлөрү катышат.

Ошондой эле иш-чарага бара тургандыгын АКШнын экс-президенти Жимми Картер, кичүү Жордж Буш, Билл Клинтон жана анын президенттик шайлоодо Трамптын атаандашы болгон жубайы Хиллари Клинтон ырастады. Улуу Жордж Буш менен жубайы ооруканага жатып калганына байланыштуу ант берүү аземине катыша алышпайт.

Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шаар борборундагы сегиз чарчы метр аянтты 28 миң полициячы курчап, аны айланта тосмолор орнотулуп, жолдорго атайын тоскоолдуктар коюлду.

XS
SM
MD
LG