Ссылки доступа

Бүгүн АКШнын жаңы президенти кызматка киришет


Бүгүн АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президенттик кызматка киришет. Анда Трамп менен бирге шайланган вице-президент Майк Пенс дагы ант берет.

Иш-чарага кызматтан кетип жаткан президент Барак Обама жана вице президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышат.

Андан сырткары АКШнын мурдагы президенттери Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жана анын президенттик шайлоодо Трамптын атаандашы болгон жубайы Хиллари Клинтон да чакырылган.

Ант берүү аземинин алдында Дональд Трамп Арлингтон көрүстөнүндөгү Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Вашингтондогу майрамдык концертке барды. «Биз Американы бириктирип, аны кайрадан бардыгы үчүн улуу мамлекет кылууну каалайбыз»,- деди Трамп концертте сүйлөп жатып.

Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Шаар борборундагы сегиз чарчы метр аянтты 28 миң полициячы курчап, аны айланта тосмолор орнотулду.

Ал ортодо Кошмо штаттардын борборунда, ошондой эле Нью-Йорк жана башка шаарларында жаңы президентке каршы массалык нааразылык акцияларды өткөрүү пландалууда.

XS
SM
MD
LG