Документтин долбоорунда профилдик министрлик жана мекемелерге быйылкы жылдын биринчи чейрегине карата мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча план иштеп чыгуу тапшырылат.
Планда Кыргызстан менен макулдашыла элек тилкелерди тактап, чек ара боюнча келишимге кол коюуга жетишүү каралган.
Казакстан боюнча Сырдарыя, Жизак, Навои, Түштүк-Казакстан, Кызылордо, Актөбө жана Мангыстау облустарындагы жана Каракалпакстан республикасындагы чырлуу тилкелерди демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталат.
Өзбекстандын Тажикстан жана Түркмөнстан менен дагы макулдаша элек чек ара тилкелери бар.