Ссылки доступа

Түркмөнстанда президенттик шайлоого 9 талапкер катталды


Түркмөнстанда президенттикке талапкерлерди каттоо аяктады. 12-февралда өтө турчу шайлоого 9 талапкер катталды. Алар эл менен жолугушууларын улунтууда.

Түркмөнстанда биринчи жолу шайлоого үч саясий партиянын өкүлдөрү жана демилгечи топтор жылдырган талапкерлер катышат. Мамлекеттик ММКлар кабарлашкандай, алардын бардыгына шайлоочулар менен жолугушуу, телекөрсөтүү, радио, жана гезит-журналдарда пикир билдирүү боюнча бирдей мүмкүнчүлүк берилди.

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы президент Гурбангулы Бердымухамедовдон башка бардык талапкерлердин шайлоо программаларын жарыялады.

Президенттике үчүнчү жолу аттанып жаткан Бердымухамедов былтыр декабрда эфирдик убактысын башка талапкерлерге бергенин айтып, сөз сүйлөөдөн баш тарткан. Өлкө башчылыгын мелжеп жаткандардын программаларынын максаттары, азыркы президенттикинен айырмачылыктары айтылган жок.

Жергиликтүү байкоочулар шайлоого үч жума калса дагы, калк арасында ага болгон кызыкчылык жок экенин билдиришүүдө. Былтыр сентябрда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, президент жети жылга шайланат. Эл аралык уюмдар өлкөдөгү шайлоо жараянын дайыма сындап келишет.

XS
SM
MD
LG