Трамп алгач эркин соода жүгүртүүнү шарттаган Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнөн чыгууга буйрук кылат. Миграцияны чектөө жана Мексика менен болгон чек арада дубал куруу үчүн чараларды көрүп баштайт.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча кол коюу үчүн Трампка 200дөй жарлык жөнөтүлөт. Президенттик кызматынын алгачкы күндөрүндө ал документтердин эң манилүүлөрүн карайт. Ишембиде Трамп өзү бир нече жолу сындаган Борбордук чалгын башкармалыгынын башкы кеңсесине барат.
Трамптын жана вице-президент Майк Пенстин инаугурациясы 20-январда Вашингтондо өтөт. Борбор калаада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Кошмо Штаттардын көптөгөн шаарларында жаңы президентке каршы жапырт акциялар уюштурулууда.