Ссылки доступа

Женевада БУУнун өкүлү менен Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары жолугууда


БУУнун атайын өкүлү Стеффан де Мистура Женевада өтүп жаткан Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн катышуучулары — Дамасктын өкүлү Башар аль-Жаафари жана Сирия оппозициясынын өкүлү Наср аль-Харири менен жеке жолугушууларды өткөрүүдө.

Анда Сириянын келечектеги өкмөтүнүн форматы, жаңы Конституциясынын долбоору жана Коопсуздук Кеңешинин резолюциясында аныкталгандай өлкөдө БУУнун көзөмөлү алдында шайлоо өткөрүү мөөнөттөрү талкууланууда.

Алардын күн тартибинде абалды саясий жактан жөнгө салуу маселелери гана калды, анткени жаңжалдын бардык согуштук өңүттөрү Орусия, Түркия жана Ирандын демилгеси менен Астанада өткөрүлүп жаткан жолугушууларда талкууланууда.

Де Мистура Башар Асаддын режиминин өкүлдөрү менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн сириялык оппозиция өкүлдөрүн бир топко бириктирүү аракетин көрөр-көрбөсү тууралуу берилген суроого жооп берген жок.

Сирия боюнча БУУнун көзөмөлү алдындагы тынчтык сүйлөшүүлөрдүн акыркы раунду Женевада 2016-жылдын апрелинде өткөн.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын мартынан бери уланууда. БУУнун маалыматы боюнча анда жалпысынан 300 миңден ашык киши курман болду.

XS
SM
MD
LG