Ссылки доступа

Түндүк Корея лидеринин агасы нервди шал кылуучу газ менен өлтүрүлгөн


Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ындын аталаш агасы Ким Чен Нам нервди шал кылуучу VX газынын жардамы менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу бейшембиде Малайзия полициясы патологоанатомиялык экспертизанын жыйынтыктарына таянып кабарлады.

Газдын издери маркумдун бетинде жана көздөрүндө табылган.

Ким Чен Нам Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдун аэропортунда 13-февралда уулануудан каза болгон. Ал Макаого учмак. Малайзия полициясы Вьетнам, Малайзия жана түндүк кореялык шектүү төрт адамды кармады. Алардын арасында эки аял бар. Киши өлтүрүүгө катышы бар Түндүк Кореянын дагы жети жараны издөөгө алынды.

Химиялык куралдар боюнча конфенцияларга ылайык, VX согуштук ууландыруучу зат болуп эсептелет. Батыш эксперттеринин маалыматына караганда, Пхеньянда бул газ бар.

Шаршембиде Пхеньян Ким Чем Намдын өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирип, Малайзияны Түштүк Корея менен кутумга барып, далилдерди жасалмалоого айтыптады.

Куала-Лумпур Ким Чен Намга кол салынган кезде аэропортто болгон Түндүк Кореянын Малайзияда аккредитациядан өткөн жогорку кызматтагы дипломатын суракка алууну көздөөдө. Бирок Пхеньян тергөө менен кызматташарын айткан жок.

XS
SM
MD
LG