Ссылки доступа

Трамп АКШнын өзөктүк куралын күчтөндүрөрүн айтты


Президент Дональд Трамп АКШнын өзөктүк куралын күчтөндүрүүгө ниеттенүүдө. Бейшембиде ал Reuters агенттигине маек берип, Кошмо Штаттардын өзөктүк дарамети алсырап кеткенин билдирди.

Бул арада АКШ жана Орусия ортосундагы 10 жылга эсептелген стратегиялык кол салуучу куралдарды кыскартуу келишимине ылайык, тараптар келерки жылдын февралынан тарта өзөктүк куралдарын кыскартуусу керек.

Трамп муну бир тараптуу келишим деп, жаңысы түзүлөрүн айтты.

Трамп буга чейин бир нече жолу Тегерандын өзөктүк программаларына чектөө койгон дүйнөлүк державалар менен Ирандын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимди сындаган.

Америка президенти Орусиянын канаттуу ракеталары 1987-жылы кабыл алынган орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимге карама-каршы келерин да билдирди. Ал эгер Путин менен жолугуп калса, бул маселени көтөрөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG