Дорошенко кыргыз депутаттары Орусиянын чакыруусу менен 18-21-март күндөрү башка өлкөлөрдүн депутаттарынын катарында Крымдагы жыйынга катышканын билдирди. Элчи «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу «кыргыз бийлиги аны угуп, тиешелүү чараларды көрөт» деген үмүтүн билдирди.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу Крымга кыргыз депутаттарынын расмий сапары болбогонун билдирди. Депутаттардын өздөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Депутат Ирина Карамушкина 24-мартта өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына сүрөтүн жарыялап, "Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек Крым – биздики дагы” деген пикирин калтырган.
Тышкы иштер министрлиги азырынча Украина элчисинин кайрылуусу боюнча расмий маалымат бере элек.