Ссылки доступа

“Чек арасыз кабарчылар”: Тажикстанда басма сөз эркиндигинин абалы начар


Тажикстан өкмөтү терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен саясий оппозицияны жектеп, көз карандысыз медиага кысым жасоодо. Бул тууралуу эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) уюму билдирүүдө. Уюмдун 26-мартта жарыялаган “Басма сөз эркиндигинин индекси” баяндамасында Тажикстан 149унчу орунга жайгашкан.

RSF эксперттеринин пикиринде, Тажикстанда коопсуздук кызматкерлери тарабынан көз карандысыз журналисттерди коркутуп-үркүтүү адаттагы көрүнүшкө айланган. Бийлик дайыма социалдык түйүндөргө жана маалымат сайттарына бөгөт коюп турат. Баяндамада 2016-жылы бир нече басылмалардын жабылганы, өкмөт ММКлардын редакциялык саясаттарын көзөмөлдөөнү күчөткөнү айтылат.

Тажикстан Орусия, Беларус, Казакстан менен бирге “кызыл зонага” киргизилген.

Тажикстан бийлиги баяндаманын объективдүүлүгүнө ынанган жок. Парламенттин төмөнкү палатасынын маалымат комитетинин төрагасы Олим Салимзода баяндама өлкөдөгү чыныгы абалды чагылдырбай турганын билдирди. Анын айтымында, Тажикстанда басма сөз эркиндиги - Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы.

“Чек арасыз кабарчылар” былтыр дагы Тажикстандагы көз карандысыз басылмаларга жасалган кысымды сынга алган.

XS
SM
MD
LG