Ссылки доступа

Түркмөнстанда президенттин атасын эскерүү үчүн калктан акча чогултулууда


Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун атасын эскерүү үчүн милдеттүү түрдө каражат чогултуу улантылууда.

18-апрелде Маликгулы Бердымухаммедов 89 жашында көз жумгандан кийин аны мечиттерде эскерүү үчүн калктан акча чогултулган. Аймактык аткаминерлер, бюджеттик кызматкерлер, ар улуттун өкүлдөрү борбор калаадагы куран окутууга катышуу үчүн улуттук кийимдерди өз эсебинен сатып алышкан.

Эми маркумдун кыркылыгына чейин жума күндөрү куран окутуп турууга элден жапырт түрдө акча чогултулууда.

Түркмөнстанда салт боюнча кыркылыкка чейин ар жума күндөрү маркумду эскерип, көп элдин катышуусунда куран окутулуп турат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы мамлекеттик уюмдарга 28-майга чейин жума күндөрү куран окутуп тургууга тапшырма берилгенин билдирди. Бул үчүн жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттеринен 50 манаттан чогултулууда.

Түркмөн басылмалары кабарлагандай, Мяликгулы Бердымухамедов 1932-жылы туулган. Ал китепканачы, башталгыч класстардын мугалими болуп иштеген, аскерде кызмат өтөп, аскердик окуу жайды аяктап, кийин подполковник наамы менен эс алууга кеткен.

XS
SM
MD
LG