Ссылки доступа

Орусиядан Өзбекстанга 17 бала кайтарылды


16-апрелде Орусияда мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси) жок 17 бала Өзбекстанга кайтарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

"Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган жана жардамга муктаж өзбекстандык 17 бала республикага алынып келинди", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө кайтарылган балдардын Орусияга кандайча барганы жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн тагдыры кандай болгону жазылган эмес.

Маалыматта белгиленгендей, Өзбекстанга кайтып келген бардык жашы жете элек өспүрүмдөр жакын туугандарына же өлкөдөгү атайын балдар мекемелерине өткөрүлөт.

Мурдараак Өзбекстандын расмий органдары 2022-жылдан бери ата-энесинин камкордугусуз калган 50дөн ашык бала Орусиядан Өзбекстанга кайтарылганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG