Ссылки доступа

Риддердеги жалгыз казак мектеби жаңы имаратка көчүрүлөт


Чыгыш Казакстан облусунун Риддер шаарындагы 16 мектептин ичинен толук казак тилинде окуткан жападан жалгыз Шаңырак мектебин келечекте жаңы имаратка жайгаштыруу пландалууда.

Бул тууралуу облус акимчилигинин "Азаттыктын" казак кызматынын суроосуна жөнөткөн жообунда айтылат.

Катта "Казцинк" компаниясы менен 2023-жылдын 27-декабрында түзүлгөн кызматташуу меморандумунун алкагында 600 орундуу мектеп имаратын куруу пландалып жатканы кабарланган. Имарат 2025-жылы пайдаланууга берилет.

Мектеп жамааты бир нече жылдан бери өзүнчө жаңы имаратты күтүп келишет. Азыр окуу жараяны аралаш тилде жүргүзүлгөн №11 мектепте жүрүп жатат.

1991-жылы негизделген Шаңырак мектеби 2023-жылга чейин 1936 жана 1958-жылдары курулган бири-биринен алыс орун алган эки имаратта жайгашкан. Мектеп окуучуларынын ата-энелери имараттар эскирип, чатыры каалаган учурда урап калышы мүмкүн деп кооптонушкан.

Риддер шаары Чыгыш Казакстан облусундагы экинчи чоң шаар. Казак бийлигинин айтымында, анда 50 миң адам жашайт. Жергиликтүү калктын 80 пайызын орус улутундагылар түзөт.

XS
SM
MD
LG