Ссылки доступа

Ташкентте 1-класстын окуучуларынын колуна ийне сайган мугалим иштен алынды


Ташкенттин Сергели районунда 1-класстын окуучуларынын колдоруна ийне сайганы аныкталган мугалим иштен алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-апрелде №277 мектептин 1"е"-классында окуган 15 окуучунун ата-энеси директорго кайрылып, класс жетекчисинин аракеттерине даттанышкан.

Кайрылууда ата-энелер мугалим "балдарды тарбиялоого аракет кылып", алардын колдоруна ийненин жана бурамалардын жардамы менен жаракаттарды келтиргенин айтышкан.

"1"е"-класстын жетекчиси С.Р. балдарга карата кабыл алынгыс аракеттерди жасаганына байланыштуу аны менен түзүлгөн эмгек келишими жокко чыгарылып, иштен алынды", – деп жазылган расмий билдирүүдө.

Учурда райондук ички иштер башкармалышы бул факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Балдар акыйкатчысы ишти өз көзөмөлүнө алды.

XS
SM
MD
LG