Ссылки доступа

Окуучулар арасында "Манас айтуу" фестивалы токтотулду


Сузакта окуучуларды автоунаа коюп кеткен окуядан кийин өлкө аймагында "Манас айтуу" фестивалы токтотулду. Бул тууралуу 3-майда билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева билдирди.

Ал ооруканадагы балдардан кабар алганы барганда "Азаттыкка" комментарий берип, мындан ары коопсуздук маселеси камсыздалмайынча окуучуларды чоң маарекелерге катыштырууга тыюу салынарын айтты.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тоо боорунда "Манас айтуу" иш-чарасы өтүп жатканда "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, 30 бала жабыр тарткан. Жума күнкү расмий маалыматка ылайык, 12 бала ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда. Автоунаанын ээси кармалган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Министр жабыркаган балдардын ата-энелери үчүн да кризистик борбор уюштурулуп, аларга моралдык колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

"Манасты" даңазалоо максатында окуучулар арасында бир нече күндөн бери жапырт "Манас айтуу" фестивалы уюштурулуп жаткан. Бул үчүн президенттин жарлыгы да чыккан. Кендирбаеванын айтымында, фестивалдын жеңүүчүлөрүнө үч миллион сом байге да каралган. Иш-чара дээрлик бардык район-шаарларда уюштурулуп, аягына чыгып калган эле.

Кырсыкка кабылган окуучулардан кабар алганы 3-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да барып, ата-энелер менен жолукту.

Учурда ооруканада 12 бала жатат. Саламаттык сактоо министрлиги алардын бешөө реанимацияда экенин, абалы оордугун маалымдады.

Жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр.

XS
SM
MD
LG