Ссылки доступа

“Кумтөрдүн” кызматкерлери маянаны көбөйтүүнү талап кылууда


“Кумтөрдүн” кызматкерлери доллардын наркы өсүп жатканына байланыштуу айлыктарын 50 пайызга жогорулатуу керектигин айтып чыгышты.

Тиешелүү кат компаниянын башкармалыгына жиберилгенин Кыргызстандын тоо-металлургия профсоюзунун башчысы Элдар Тажибаев билдирди.

“Кумтөрдүн” кесиптик кошуунунун жетекчиси Авазбек Кожакматов маалымдагандай, сомдун долларга карата наркы 34 пайызга түшүп кеткен. “Компаниянын 80 пайыз кызматкерлери банктардан доллар менен насыяларды алышкан. “Кумтөрдүн” чыгарган продукциясы – алтын Америка валютасына сатылат, а айлыкты кызматкерлер сом менен алышат. Ошон үчүн маяна азайып, компаниянын кирешеси көбөйүүдө”, - дейт ал.

Профсоюз өкүлдөрү бул талаптар адилеттүү жана олуттуу экенин белгилешти. Азыркы учурда администрация менен компаниянын профсоюзунун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG